Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Кытай Шанхайдагы көргөзмөдө Еврокеңештин лидеринин кайрылуусуна тыюу салды


Шарль Мишель
Шарль Мишель

Кытайдын бийлиги Шанхай шаарындагы China International Import Expo ири соода көргөзмөсүнүн ачылышында Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишелдин видео кайрылуусун көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Reuters европалык дипломатиялык чөйрөдөгү булактарга таянуу менен кабарлады.

Иш-чаранын ачылышы 5-ноябрда өткөн. Анда Мишелдин көргөзмөнүн катышуучуларына алдын ала жаздырылган кайрылуусу берилмек. Кийин андан баш тартып коюшкан.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Шарль Мишель өз сөзүндө Орусиянын Украинага согуш ачканын кескин айыптаган, ошондой эле Евробиримдиктин орусиялык энерго отундарга көз карандылыгын белгилеген. Мишель мындан сырткары Кытайды Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда өз таасирин колдонууга чакырган.

Кытайдын бийлиги бул окуяны агенттикке комментарийлеген эмес.

Шанхайдагы көргөзмөдө Кытайдын лидери Си Цзинпин, Индонезиянын, Шри-Ланканын жана Беларустун башчылары сөз сүйлөшкөн.

Европа Биримдиги 2019-жылдан бери Кытайды бир эле маалда өнөктөш катары жана экономикалык атаандаш катары карачу. Биримдиктин тышкы иштер саясат боюнча мекемеси мурдараак жасаган билдирүүсүндө “Бээжинди мындан ары атаандаш катары гана караш керектигин” белгилегени бар.

Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу Москвага каршы санкцияларга Кытай кошулган эмес. Бээжин бир нече жолу жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүүнү жактай турганын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG