Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

Баткен: тургундар калыбына келтирүү иши жай жүрүп жатканына кабатыр


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Баткен облусунда.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Баткен облусунда.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку каргашада жабыркаган Ак-Сай айылынын тургундары үйлөрдү калыбына келтирүү иши жай жүрүп жатканына кабатыр экенин 9-ноябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул күнү парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Баткен облусуна иш сапар менен барды.

Алгач ал Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында болуп, Капчыгай айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул айылдагы үйлөр жараксыз абалга келген.

“Учурда 40 тамдын пайдубалы түптөлсө, дагы 20сынын дубалы тургузулуп, курулуш иштери уланууда. Бирок жергиликтүү тургундар жумуштардын жай жүрүп жатканына кабатыр. Ушундай эле курулуш иштери Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында да жүргүзүлүүдө. Аймакта 58 үйдүн жана социалдык мекемелердин имараттары салынууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эл менен да жолугушууда Нурланбек Шакиев курулуш иштерин убагында бүткөрүү зарыл экенин, айрыкча курулуштардын сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, тийиштүү социалдык мекемелер да салынышы шарт экенин белгиледи.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү бардык курулуш иштери заманбап долбоордун негизинде жасалып жатканын белгиледи.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев облусту өнүктүрүү максатында каралган 500 млн. сомдун 125 млн. сому Баткен районуна бөлүнгөнүн маалымдап, учурда аталган каражат менен тийиштүү жумуштар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн. Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калды. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, үйлөр талкаланганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG