Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Шаардык сот Сооронкулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 9-ноябрда Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулованын “кармалышы мыйзамдуу болгон” деген тыянак чыгарды.

Сооронкулованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызы эртең, 10-ноябрда каралмай болду.

Шаардык сот 9-ноябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын айрымдарынын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу доо арыздарды жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугун карады. Дээрлик бардыгынын бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды жана алардын кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

23-24-октябрда оппозициялык маанайдагы жыйырмадан ашуун саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалган. Мунун алдында “Кемпир-Абадды коргоо комитети” түзүлүп, жыйын өткөргөн.

"Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти. Ички иштер министрлиги Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Кармалгандар күнөөсү жок экенин айтып жатышат.

Мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөргө карата тергөө жүрүп жаткандыктан алардын камакта жатышын негиздүү деп эсептешет. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG