Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:23

Ирак менен Сириянын чек арасында ирандык автокербен соккуга кабылды


Каим чек ара бекетинде күзөттө турган ирактык жоокер.
Каим чек ара бекетинде күзөттө турган ирактык жоокер.

Ирактын коопсуздук күчтөрү Сирия тарапта белгисиз учкучсуз учактын соккусунан кеминде эки күйүүчү май ташыган унаа жок кылынганын билдирди. Алар Reuters агенттигине кабарлагандай, окуя шейшемби күнү кечинде Ирак менен чектешкен жерде болгон.

Сокку Каим чек ара бекетинен Сирияга кирген ирандык күйүүчү май ташыган танкердик жүк ташуучу автокербенге урулган.

Чек ара полициясынын эки кызматкеринин айтымында, 20дан ашуун цистерна менен бараткан кербен Ирак менен Сириянын чек арасын мыйзамдуу кесип өткөн. Транспорттук документтерге ылайык, күйүүчү май ташыган автоунаа Сирия аркылуу Ливанга бараткан.

Курмандыктар тууралуу маалымат жок.

Шаршемби күнү АКШ армиясы соккуга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG