Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Шаардык сот Айбек Бузурманкуловду абакта калтырды


Айбек Бузурманкуловдун тарапташтары. Бишкек шаардык сотунун алды. 9-ноябрь, 2022-жыл.
Айбек Бузурманкуловдун тарапташтары. Бишкек шаардык сотунун алды. 9-ноябрь, 2022-жыл.

Бишкек шаардык соту бүгүн 9-ноябрда Талас облусунун мурдагы губернатору, активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) 20-декабрга чейин камалган.

23-24-октябрда оппозициялык маанайдагы жыйырмадан ашуун саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалышкан.

"Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти.

Кармалгандардын арасынан саясатчы Азимбек Бекназаров жана активист Талант Эшалиев бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко доо арыз жазган эмес.

Биринчи Май райондук соту Бекназаровду 23-декабрга чейин камаган. Ал эми Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Кармалгандар күнөөсү жок экенин айтып жатышат. (КЕ/TSh)

XS
SM
MD
LG