Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:53

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү


Клара Сооронкулова, 9-ноябрь 2022. Бишкек шаардык соту
Клара Сооронкулова, 9-ноябрь 2022. Бишкек шаардык соту

"Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камалган саясатчы Клара Сооронкулова өзүнүн бөгөт чарасын карап жаткан Бишкек шаардык сотунун курамына ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот өтүнүчтү четке какты.

Мунун алдында жактоочу Чинара Жакупбекова ишти карап жаткан судьялардын бири мурда Сооронкулованын кол алдында иштегендиктен ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Шаардык сот бүгүн, 9-ноябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган айрым активист, саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу доо арыздарды карап жатат. Сот дээрлик бардыгынын бөгөт чарасын өзгөрткөн жок.

23-24-октябрда оппозициялык маанайдагы жыйырмадан ашуун саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалган. Биринчи май райондук соттун чечимине ылайык, алардын көбү 20-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) болушат.

Мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөргө карата тергөө жүрүп жаткандыктан алардын камакта жатышын негиздүү деп эсептешет.

"Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти.

Кармалгандардын арасынан саясатчы Азимбек Бекназаров жана активист Талант Эшалиев бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко доо арыз жазган эмес.

Биринчи Май райондук соту Бекназаровду 23-декабрга чейин камаган. Ал эми Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Кармалгандар күнөөсү жок экенин айтып жатышат. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG