Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Шаардык сот Дүйшөбаев менен Баязовду да камакта калтырды


Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

Бишкек шаардык соту "Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камалган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин сот анын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Дүйшөбаев Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалгандардын катарында болгон. Ал Биринчи райондук сотунун чечиминин негизинде 20-декабрга чейин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

Ушул эле күнү шаардык сот жарандык активист Марат Баязовдун бөгөт чарасын карап, мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Марат Баязов 26-октябрда кармалган. Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы ал массалык башаламандык уюштурууга даярданган деп шектелип кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы жана активисттердин иши боюнча күбө катары суракка чакырылганын маалымдаган. Кийин Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин №1 тергөө абагына камаган.

Бул күнү Бишкек шаардык соту активист Чыңгыз Капаровдун да кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Анын бөгөт чарасы 11-ноябрда каралат. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG