Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Милиция экспертиза үчүн "Азаттык" берген дискти ача албай койгонун билдирди


"Азаттыктын" алдындагы акция, 13-октябрь, 2022-жыл.
"Азаттыктын" алдындагы акция, 13-октябрь, 2022-жыл.

"Азаттык Медиа” мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдында 13-октябрда өткөн акциядагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча дайындалган лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын чыгаруунун эки апталык мөөнөтү аяктады.

Ленин райондук милициясынан 14-ноябрда билдиришкендей, акциядагы чакырыктардын видеолору жазылган, "Азаттык" берген DVD дискти эксперттер ача албай коюшкан. Бул тууралуу "Азаттыкка" расмий маалымат жана видеоматериалдарды кайра берүү тууралуу өтүнүч да берилген эмес.

Ленин райондук милициясынын тергөөчүсү: "Дискти кайра жаңыртып бере аласыңарбы? Силерге кайрылыш үчүн мага дагы экспертизадан "диск ачылбай койгону үчүн экспертиза жүргүзүү мүмкүн болгон жок" деген кагаз келиши керек. Ошонун негизинде мен силерге жооп беришим керек эле. Диск алып келип берсеңер экспертиза өткөрөбүз дешкен, ал эми силер расмий жооп бергиле деп жатпайсыңарбы", - деди "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна.

Экспертиза үчүн милицияга берилген дисктеги видеолор интернет булактарында, социалдык түйүндөрдө ачык жарыяланган.

Юстиция министрлигинин Соттук-экспертизалык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жийдегүл Семенованын "Азаттыкка" айтканына караганда, милиция лингвистикалык экспертиза өткөрүү тууралуу өтүнүч менен телефондон оозеки гана кайрылган.

"Телефондон эле кайрылышты. Келгиле, методиканы көргөзүп, факты менен айтып берейин дегем. Эгер арыз жазсаңар, бул карала турган иш. Карала турган ишти алдын ала ачыктай албайбыз", - деди Семенова.

Юристтер белгилегендей, материал экспертизага жөнөтүлгөн учурда бул тууралуу токтомдун көчүрмөсү, арыз жазган тарапка, "Азаттык" радиосуна жөнөтүлүшү керек. Милиция мындай токтомду жөнөткөн эмес.

18-октябрда лингвистикалык экспертиза дайындалганы жана анын жыйынтыгы эки аптада чыгары маалым болгон. Кийин иш өндүрүшкө алынганын, аны караган эксперттер башка долбоорлор менен аймакта сотко катышып жатканы айтылган.

13-октябрда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган жаран “Азаттык Медиа” мекемесинин кеңсесинин алдына кырктай кишини ээрчитип келген. Алар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” басылмаларынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишин чектөөнү талап кылышкан.

14-октябрда "Азаттык Медиа" журналисттерди коркутуп-үркүткөн окуя боюнча милицияга кайрылган. Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын башчысы Бактыбек Нарчаевдин атына жазылган арызда Исраилов "кийинки келгенде күч колдонууга чейин барып, имаратка бензин чачарын" айтканы, журналисттерди опузалап, “Азаттык”, “Клооп” жана Кактус" басылмаларынын дарегине тикелей коркутуу жасаганы боюнча мыйзам чегинде жоопкерчилигин кароону өтүнгөн.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG