Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Столтенберг: Путин Украинаны кышында жарыксыз, жылуулуксуз калтырууну көздөйт

Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

Украинаны алдыдагы айларда кыйын кезең күтүп жатат, Орусиянын аскердик дараметин эстен чыгарбоо зарыл. Мындай пикирин 14-ноябрда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

Ал Херсон шаарын кайтарып алган украин жоокерлеринин “эбегейсиз эрдигин” кубаттады жана Киевге жардам берүүнү улантууга чакырды:

“Алдыдагы айлар кыйын болмокчу. Путин Украинаны кышында жарыксыз, жылуулуксуз калтырууну көздөйт. Биз жолубуздан тайбоого тийишпиз”, - деп айтты Столтенберг Гаагада Нидерланддын премьер-министри менен кездешүүдө.

Орус аскерлери Украинанын жарандык инфраструктурасын, жылуулук станцияларын, суу түтүктөрүн, көпүрөлөрдү аткылап келатат.

Бир катар аймактардп, анын ичинде өткөн аптанын этегинде бошотулган Херсондо гуманитардык кыйын абал түзүлдү.

​
XS
SM
MD
LG