Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Укук коргоочу Виталий Пономарев “Манас” аэропортунан кармалды


Виталий Пономарев.
Виталий Пономарев.

Орусиялык укук коргоочу, “Мемориал” укук коргоо борборунун мүчөсү Виталий Пономарев “Манас” эл аралык аэропортунан кармалды.

Бул тууралуу “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынан “Азаттыкка” ырастап, Пономарев Бишкекке учуп келип, чек ара көзөмөлүнөн өтүп жаткан учурда кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, Чек ара кызматынын өкүлү анын Кыргызстанга кирүүсүнө 2017-жылы тыюу салынганын, чечим 2020-жылы узартылганын айткан.

"Бул эски, Атамбаевдин тыюусу. Пономаревдун Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салган ошондогу чечим дагы эле алына электиги коркунучтуу. Муну тез арада бийликке жеткирип, чектөө жокко чыгышы керек. Мен Эдил Байсаловго (Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - ред.) кабар бердим. Бул - акаарат келтирген башкаруунун кесепети. Укук коргоочуларды жана журналисттердин эркин жүрүүсүн чектөө – кылмыш”, - деди “Бир дүйнө Кыргызстандын” директору Төлөкан Исмаилова.

Атайын кызматтан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

2017-жылы Пономаревду Кыргызстанга киргизбөө боюнча тапшырма атайын кызматтан келип түшкөнүн ошол кезде Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген.

Норвегиянын Хельсинки комитети Пономаревго байланышкан маселени кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрүндө көтөргөнүн жана дагы көтөрө берерин билдирди.

Виталий Пономаревго Кыргызстанга кирүүгө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда да тыюу салынган. Ал 2009-жылы бир жолу “Манас” аэропортунан, экинчи жолу Кайыңдыдагы темир жол бажы бекетинен артка кайтарылган. 2010-жылдан кийин бул чектөө күчүн жоготкон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG