Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:13

ЖК комитети Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун долбоорун карайт


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун 15-ноябрда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Бул күнү депутаттар Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун дагы карашат.

Парламенттен “Азаттыкка” билдиришкендей, комитеттин жыйыны ачык өтөт.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери 3-ноябрда Бишкекте кол коюшкан.
Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу келишимге ылайык, Кыргызстан Өзбекстандан 19699 гектар жер алып, ордуна Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди бере турганын атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген.

Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын "Азаттыкка" билдирген.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, кош башкарууда "кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын" белгилеген.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG