Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

Жалал-Абаддагы №10 абакты сыртка көчүрүү аракети башталды


Жалал-Абаддагы №53 тергөө абагы.
Жалал-Абаддагы №53 тергөө абагы.

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №10 абагы көчүрүлө турганын калаа мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы абакты шаардан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылына куруу пландалып жатат. Ал үчүн айылдагы Сары-Талаа аймагынан жер берилген.

Азыр жабык жайдын пайдубалын курууга даярдык иши жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары шаардагы №53 тергөө абагын да Сузак районунун Арал айылына көчүрүү жумуштары башталды.

Буга чейин Бишкектеги №47 колония толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар башка жайларга которулган. (TB)

XS
SM
MD
LG