Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Укук коргоочу Виталий Пономарев Кыргызстандан депортацияланды


Виталий Пономарев.
Виталий Пономарев.

Орусиялык укук коргоочу, “Мемориал” укук коргоо борборунун мүчөсү Виталий Пономарев Кыргызстандан депортациаланды. Бул тууралуу “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынан “Азаттыкка” ырасташты.

Маалыматка караганда, укук коргоочу адам укуктары боюнча Бишкекте өтүп жаткан фестивалга конок катары чакырылган. Бирок анын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынгандыктан иш чарага катыша алган эмес.

УКМКга караштуу Чек ара кызматы дагы Пономаревдун депортация болгонун "Азаттыкка" тастыктады.

"Чек ара кызматы башка мамлекеттик түзүмдөрдүн тапшырмасын аткарат. Анын (укук коргоочу- ред.) Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынган. Пономарев мырза эмне үчүн Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынганын билет. Биз жөн гана аткаруучу мекемебиз", - деди мекеменин басма сөз кызматы.

Укук коргоочу Виталий Пономарев “Манас” эл аралык аэропортунан Бишкекке учуп келип, чек ара көзөмөлүнөн өтүп жаткан учурда 14-ноябрда кармалган.

Маалыматка караганда, Чек ара кызматынын өкүлү анын Кыргызстанга кирүүсүнө 2017-жылы тыюу салынганын, чечим 2020-жылы узартылганын айткан.

2017-жылы Пономаревду Кыргызстанга киргизбөө боюнча тапшырма атайын кызматтан келип түшкөнүн ошол кезде Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген. Атайын кызматтан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Норвегиянын Хельсинки комитети Пономаревго байланышкан маселени кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрүндө көтөргөнүн, мындан кийин дагы муну көз жаздымында калтырбай турганын билдирди.

Виталий Пономаревго Кыргызстанга кирүүгө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда да тыюу салынган. Ал 2009-жылы бир жолу “Манас” аэропортунан, экинчи жолу Кайыңдыдагы темир жол бажы бекетинен артка кайтарылган. 2010-жылдан кийин бул чектөө күчүн жоготкон эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG