Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

16-ноябрдын аба ырайы


Бишкек.
Бишкек.

16-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз -1…+4;

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -7...-12.

Бишкекте маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 0…2 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG