Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

Парламентте Баткенди калыбына келтирүү ишин сындашты


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайды түрттүрүү иши. Ак-Сай айылы, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайды түрттүрүү иши. Ак-Сай айылы, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.

Финансы министрлиги Баткен облусунда чек ара чырында талкаланган турак жайды курууга 1 млрд. сом, жолду, көпүрөлөрдү оңдоо үчүн 365 млн. сом, чек ара постторун калыбына келтирүү үчүн Чек ара кызматына 129 млн. сом, Ички иштер министрлигине (ИИМ) 137 млн. сом бөлүнгөнүн билдирди.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жолдошбек Абдыраевдин сөзүнө караганда, Баткенде салына турган 420 үйдүн ичинен 409унда жумуштар жүрүп жатат.

“55 турак жайдын пайдубалы тургузулууда. 170 үйдүн пайдубалы бүткөн. 161нин дубалы тургузулуп, 21 үйдүн дубалы бүткөрүлүп, эки тамдын чатыры жабылды. Андан тышкары эки мектеп, беш бала бакча жана бир ФАПтын имараты оңдолду”, - деди Абдыраев.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 15-ноябрда өткөн жыйынында айрым депутаттар Баткенди калыбына келтирүү иштери жай жүрүп жатканын сындашты.

Депутат Ырысбек Атажанов чек ара чырында күйүп кеткен үйлөрдүн ичинен пайдубалы кыймылдай электери барын айтты. Дагы бир депутат Шайлообек Атазов да ушундай эле маселени көтөрдү.

“Мамлекеттен бөлүнгөн акчаны убал кылбаңыздар. Үйлөрү бүтпөй эл суукта калып атат. Мектеп менен бала бакчаны айтпай эле коёлу. Эки айдан бери турак жайларды салып бербей анан “пайдубалын тургуздук” деп отурасыңар”.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Куралдуу кагылышта Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй кайра оңдолууга тийиш.

Төрт мектеп, беш саламаттыкты сактоо мекемеси, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.

"Озоди" жергиликтүү элге таянып, тажик тараптан турак жайлар, социалдык объектер талкаланганын жазган. Маалыматты башка көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG