Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Ирандык белгилүү укук коргоочу демонстранттарга карата оор өкүмдөргө камтамасын билдирди


Тегерандагы нааразылык акциясы. 19-сентябрь 2022-жыл
Тегерандагы нааразылык акциясы. 19-сентябрь 2022-жыл

Ирандык белгилүү укук коргоочу, Эвин түрмөсүндө камакта жаткан Наргис Мохаммади демонстранттарга оор өкүмдөр чыгып жатканына камтамасын билдирди. БУУнун Ирандагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Жавид Рахманга жолдогон катында ал өкмөткө каршы акцияларга катышкандарды өлүм жазасына өкүм кылуу жана өкүмдү ишке ашырууну токтоттурууга бар аракетин көрүүгө чакырды.

Мохаммади ошондой эле кармалгандардын айрымдарын күнөөсүн күчтөп мойнуна алдыруу, жалгыз камераларда кармоо учурлары болгонун, бийлик муну оор өкүмдөрдү актоо үчүн пайдаланганын, “элдик толкундоолорду басуу үчүн коркуу сезимин жайылтууга” аракеттенгенин белгилеген.

Кат жарыялангандан бир күн мурда, дүйшөмбүдө Тегеранда өкмөттүк имаратка өрт койгон деп айыпталган демонстрантка өлүм жазасы чыккан.

Хижаб салынбайт деген шылтоо менен кармалган студент кыз Махса Амининин өлүмүнөн кийин сентябрдын ортосунда тутанган нааразылык акцияларда миңдеген киши, арасында балдар кармалган. Укук коргоочулардын айтымында, коопсуздук кызматынын колунан бери дегенде 326 киши, анын ичинде 43 жеткинчек каза тапты. Ирандын бийлиги 40 тартип коргоочу мерт кеткенин билдирди.

Амини камакта жүрөгү кармап каза болгону расмий маалымдалганы менен жакындары жана күбөлөр анын сабалганын айтышууда.

Адегенде аялдардын укуктарын коргоп чыккан акцияларда “Диктаторго өлүм!”, “Хаменеинин бийлиги кулатылат!” деген саясий ураандар да жаңыра баштаган.

Ноябрга карай нааразылык акциялары басаңдаганы менен жер-жерлерде дагы деле толкундоолор улам тутанып келатат.

Хаменеи митингдер үчүн Батышты айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG