Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Кыргызстандык делегация Ооганстан боюнча кеңешменин жыйынына катышты


Таалатбек Масадыков менен Шер Мохаммад Аббас Станикзай. Кабул, Ооганстан. Ноябрь, 2022-жыл.
Таалатбек Масадыков менен Шер Мохаммад Аббас Станикзай. Кабул, Ооганстан. Ноябрь, 2022-жыл.

16-ноябрда Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков баштаган делегация Москвада Ооганстан боюнча кеңешменин төртүнчү отурумуна катышты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, жыйында Ооганстандагы азыркы кырдаал талкууланып, анын Борбор Азиянын коопсуздугуна таасирине басым жасалды.

Аягында аймактагы өлкөлөрдүн бул маселелер боюнча Ооганстан менен карым-катышынын мааниси белгиленип, Борбор Азиянын коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөө үчүн чогуу аракеттенүү келишими жетишилди.

Жыйынга Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрү катышты. Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы жана Түркия байкоочу катары катышты.

Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков 6-ноябрда Кабулда Ооганстанды башкарып жаткан бийликтин жетекчилиги менен жолуккан.

Масадыков былтыр Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турганда Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген. Ал быйыл июлда Ташкент шаарында өткөн “Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” аттуу эки күндүк эл аралык конференциянын алкагында да талибдердин өкүлдөрү менен кездешкен.

Былтыр Кабулда бийликти басып алган талибдердин өкмөтүн азырынча бир да мамлекет расмий тааный элек. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG