Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

"Росатом" Кыргызстанда курулуучу атомдук станциянын негиздемесин даярдайт


Энергетика министрлиги тараткан сүрөт.
Энергетика министрлиги тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги жана Орусиянын “Русатом Энержи Прожект” акционердик коому (“Росатом”) менен кызматташуусу жөнүндө документке кол коюшту. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Макулдашууга ылайык, “Росатом” Кыргызстандын аймагында курулуучу чакан атомдук станциянын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдайт. Сочиде өткөн “АТОМЭКСПО-2022” эл аралык форумунда документке энергетика министри Таалайбек Ибраев менен “Росатомдун” өкүлү Андрей Рождествин кол койгон.

Жыл башында Энергетика министрлиги Орусиянын "Росатом" корпорациясы менен биргеликте Кыргызстанда чакан атом электр станциясын куруу боюнча меморандумга кол койгону белгилүү болгон. Азырынча курулуш жөнүндө кенен маалымат бериле элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG