Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Украинанын баш прокурору эки айда 700дөн ашуун сөөк табылганын айтты


Андрей Костин
Андрей Костин

Украин армиясы акыркы эки айда бошоткон Харьков, Донецк жана Херсон облустарынын аймактарынан 700дөн ашуун адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Украинанын башкы прокурору Андрей Костин билдирди.

"Алардын дээрлик 90 пайызы украиналыктар. Алар мыйзамсыз кармалып, кыйноого алынган 20дан ашык жер аныкталды",- деди ал.

Украинанын тергөө органдары орус аскерлери жасаган кылмыштарга байланыштуу 45 миңден ашуун кылмыш ишин тергеп жатат.

Азырынча алардын бир бөлүгү гана сотко жетип, мурда кармалган 12 аскер кызматкери соттолду.

Ал тапта интернетте орусиялык эки аскер кызматкери аскердик буйрукка баш ийбегени үчүн кармалганы тууралуу видео тарады. Тасма качан тартылганы белгисиз, "VotTak.tv" телеграм каналы окуя Белгород облусунда болгону аныкталганын жазды.

Мурдараак орус аскерлери экени айтылган жоокерлердин атып өлтүрүлгөнү тууралуу видео тараган. Аларды украин аскерлери колго түшүргөнү айтылган. The New York Times гезити орус жоокерлери атып өлтүрүлгөнү тартылган видео фейк эместигин тастыктады. Бирок басылма алардын кандай жагдайда өлгөнүн аныктоо мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Киев менен Москва бул окуя үчүн бири бирин айыптап жатат. БУУ буга көңүл буруп, териштирүү жүргүзүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG