Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Дин тарыхы сабагы боюнча усулдук комплекстин сынагы жыйынтыкталууда


Кыргызстанда диндердин өнүгүү тарыхы сабагы боюнча 7-8-класстар үчүн окуу-методикалык комплекс иштеп чыгууга жарыяланган ачык сынак жыйынтыкталууда. 23-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги эмгектерди кабыл алуу 1-декабрда аяктай турганын эскертти.

Мекеменин маалыматына караганда, комплекс атайын иштелип чыккан предметтик стандартка ылайык түзүлүшү шарт, стандарт тууралуу кеңири маалымат министрликтин сайтына жарыяланган.

Предметтик стандартта белгиленгендей, "диндердин өнүгүү тарыхы сабагынын негизги максаты – окуучулардын дүйнөлүк диндердин пайда болуу, өнүгүү жана иштөө тарыхы, алардын коомго тийгизген таасири жөнүндөгү билимин калыптандыруу, адеп-ахлактын, ыймандын жана диндин адам менен коомдун жашоосундагы маанисин түшүнүү, конфессия аралык диалог куруу, адеп-ахлактык, руханий жактан өзүн өзү өркүндөтүү, түрдүү маданияттардын, улуттардын, ишенимдердин, социалдык топтордун өкүлдөрү менен позитивдүү мамиле куруу, радикалдашууга жана диний кагылышууларга каршы туруу көндүмдөрүн өнүктүрүү".

Кыргызстанда быйылкы жылдан тартып орто мектептердин программасына диндердин өнүгүү тарыхы сабагы кирди. Мамлекет башчысынын жарлыгындагы талаптар боюнча, бул предметтен сабак берген мугалимдердин диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөнү жөнүндө сертификаты болушу керек.

Быйылкы окуу жылында диндердин өнүгүү тарыхы сабагы 9-класстарга окутулууда. Кийинки жылдардан 7-8-класстарга да киргизиле баштайт. Жалпысынан аталган предметти 7-11-класстарга окутуу максат кылынууда.

Өлкөнүн Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте дин маданиятынын тарыхы сабагы пилоттук негизде окутула баштаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG