Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 50-51 миңге чамалуу түгөй баш кошуп, 10-12 миңдей жуп ажырашат. Бул тууралуу 23-ноябрда Жогорку Кеңеште Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Калый Жунусова билдирди. Анын маалыматына ылайык, өлкөдө ар жылы 145 миңден ашык ымыркай төрөлөт. Ошондой эле 35-36 миңдей адам көз жумат.
Жогорку Кеңеш учурда “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун биринчи окууда талкуулап жатат. Документти Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сунуштаган.
Өзгөртүүлөрдүн максаты бул чөйрөдөгү тиешелүү мамлекеттик мекеме-органдардын ишин оптималдаштыруу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу экени айтылган.
Өткөн айда Кыргызстандын калкы расмий түрдө жети миллионго жеткен. Өлкөнүн жети миллионунчу жашоочусу 19-октябрга караган түнү саат 2:10дө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн уул бала болгону маалымдалган.