Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

ЖККУ баш катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга кайрылды


Станислас Зась.
Станислас Зась.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга жардам көрсөтүүгө даяр.

Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась 23-ноябрда Ереванда өткөн жыйында айтты.

"Борбор Азия аймагында - кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз", - деген Зась эгер Бишкек менен Дүйшөмбү зарыл десе, жардам берүүгө уюмдун ресурстары жана тажрыйбасы жетиштүү экенин белгиледи.

Ереванда шаршембиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити башталууда.

Армения, Казакстан, Орусия, Беларус, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болгон уюмдун катчылыгы жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук көйгөйлөрү, уюмдун кризистик кырдаалда чара көрүүнү жакшыртуу жолдору талкууланарын кабарлаган.

Саммиттин алдында, 22-ноябрь күнү Ереванда "Улуттук демократиялык полюс" оппозициялык партиясы нааразылык акциясын өткөрдү.

Гарегин Нжденин эстелигинен башталган жүрүштүн катышуучулары "Орусия душман!", "ЖККУ душман!" деп ураан чакырышты. Алар армян-азери чек арасындагы кандуу кагылышта уюм эч кандай жардам көрсөтпөгөнүн белгилешти.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2020-жылдын күзүндө Карабактагы 44 күндүк кандуу кагылыштан бери алгач ирет Ереванга келүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы куралдуу жаңжал ондогон адамдын өмүрүн алып, эки тараптан жүздөн ашуун киши набыт болгон. Каза тапкандардын арасында балдар да бар. Кан төгүлгөн окуя үчүн эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG