Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Акылбек Жапаров: Баткен окуясы чыгып, былтыркыдан үч эсе көп зыян тарттык


Баткен. Архивдик сүрөт.
Баткен. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы быйылкы кандуу окуядан Кыргызстан былтыркыга караганда үч эсе көп зыян тартты. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет маселеси каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

“Эсеп палатасынын 2021-жылдын бюджети боюнча корутундусу чыкты. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу иш-чараларынын планы бекитилип, иш жүрүп жатат. “Эми мындан ары бир гана экономика менен иштейбиз” деген дем менен 2022-жылга кирдик эле. Бирок быйыл да Баткен окуялары чыгып, былтыркыдан үч эсе көп зыян тартып калдык”.

Ошону менен катар Жапаров Кыргызстандын экономикасына байланыштуу эл аралык каржы институттары берген божомол туура эмес болуп чыгып жатканын, Дүйнөлүк банк төмөндөө деңгээли 5% болот дегени менен январь-октябрь айлары ички дүң өнүм 7% өсөт деп божомолдонуп жатканын кошумчалады.

Быйыл 16-17-сентябрда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн. Кыргызстан 63 жаранынан айрылды, Тажикстандын 41 жараны каза тапканын расмий билдирген. Кыйроолордон Кыргызстан тарткан зыяндын суммасы 8-8,5 миллиард сомдон (100 миллион долларга жакын) аша тургандай болуп жатканын 13-октябрда Акылбек Жапаров “Азаттыкка” билдирген.

2021-жылдын апрель айында чек арадагы кандуу окуяда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG