Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Тоолуу Бадахшан ишине байланыштуу беш киши өмүр бою абакка кесилди


Тоолуу Бадахшан автоном аймактын бейформал лидерлери Толиб Айёмбеков, Мунаввар Шанбиев жана Ниёзшо Гулобов.
Тоолуу Бадахшан автоном аймактын бейформал лидерлери Толиб Айёмбеков, Мунаввар Шанбиев жана Ниёзшо Гулобов.

Тажикстандын Жогорку соту Тоолуу Бадахшан автоном облусунда туулган беш кишини өмүр бою эркинен ажыратты. Ошондой эле сегиз киши 10 жылдан 30 жылга чейин кесилди. Бул тууралуу "Озоди" радиосу жазды.

Өмүрүнүн аягына чейин камалгандардан арасында автоном аймактын бейформал лидерлери делген Мунаввар Шанбиев менен Толиб Айёмбеков да бар. Алардын туугандарынын айтымында, соттун өкүмү 22-ноябрда чыккан. Тажикстан бийлиги сот чечимдери тууралуу комментарий бербейт, бардык жараяндар жабык өткөн.

Маалыматтарга караганда, камалгандардын баары жапырт башаламандык уюштуруу, мыйзамсыз курал-жабдык сактоо, адам өлтүрүү, бейбаштык, экстремизм жана баалуу таштардын аткезчилигине айыпталган. Алардын жакындары мунун баары негизсиз айыптар экенин айтышууда.

Тоолуу Бадахшанда бир жыл мурда жапырт башаламандык башталып, бийлик күч аны менен баскан. Аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилип, интернет өчүрүлгөн. Кийин аймактан чыккан активисттер камалган.

Быйыл жазда бийликтин мындай кадамдарына каршы жергиликтүү тургундар акцияга чыгышкан. Күч түзүмдөрү менен карапайым тургундардын кагылышуусунан 16 кишинин өмүрү кыйылды. Расмий эмес маалыматтарга караганда бул сан 30дан ашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG