Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:01

Жогорку Кеңештин имаратынын жертөлөсүндө өрт чыкты


Жогорку Кеңештин алды. 2022-жылдын 25-ноябры.
Жогорку Кеңештин алды. 2022-жылдын 25-ноябры.

Жогорку Кеңештин имаратына бүгүн 25-ноябрда өрт өчүрүүчү адистер жана милиция кызматкерлери тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуянын чоо-жайы боюнча расмий маалымат берип, өрттүн аянты эки чарчы метр болгонун, жалпысынан алты өрт өчүрүүчү бөлүм тартылганын, маалымат түшкөндөн кийин 40 мүнөт өткөн соң өчүрүлүп бүткөнүн билдирди.

Интернетте тарап жаткан сүрөт, видео, маалыматтарга караганда, өрт имараттын жертөлөсүндө чыккан, эч ким жабыркаган жок.

“Азаттыктын” кабарчысына окуянын күбөлөрү айтып бергендей, имараттын жертөлөсү катуу түтөп, айрым кызматкерлер убактылуу сыртка чыгарылган.

Саат 14:30га карата кызматкерлер кайра иш ордуна кетишти.

Азыр Жогорку Кеңеш жайгашып турган имарат өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында курулган. Анда бир кездери президенттик жана өкмөттүк администрациялар да жайгашчу. 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы бийлик алмашуу учурундагы башаламандык күндөрү имараттын ичи талкаланып, айрым жерлери өрттөнгөн. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG