26-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар түшөт. Тоолуу аймактарда жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градуска чейин жогорулайт.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6.
Бишкекте күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 6…8 градус жылуу болот.