Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.

Орусиянын борбору Москва шаарында мурдагы "Киргизия" кинотеатрынын ордуна жаңы коомдук борбор ачылды. Беш кабаттан турган борбордун жалпы аянты 27 миң чарчы метрди түзөт. 25-ноябрда бул жайдын ачылыш аземи өтүп, ага Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат катышканын элчиликтен кабарлашты.

Элчи имараттын ээси "Эдисонэнерго" ишканасынын жетекчиси менен сүйлөшүлгөнүн, ал жерде Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктөр сатылып, кыргыздын улуттук тамак-аш борборлору жана соода аянтчалары жайгаштырыларын билдирди.

Гүлнара-Клара Самат мурдагы "Киргизия" кинотеатрын кооздоп турган Кыргызстандын маданиятын камтыган жана өзгөчө тарыхый баалуулукка ээ болгон скульптураларды жана оймо-чиймелерди сактоо зарылдыгын белгиледи.

Москвадагы мурдагы Бүткүл союздук көргөзмө борборунун (ВДНХ) аймагында жайгашкан "Кыргызстан" соода үйү көпкө чейин талашка түшүп жүрүп, 2015-жылы жеке адамдан кыргыз өкмөтүнүн менчигине өткөрүлгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG