Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:12

Камила Талиева Мамдуманын депутатынын сөзүнө жооп берди


Камила Талиева.
Камила Талиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Светлана Журованын Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүү боюнча айтканына жооп берди. Ал Журованын билдирүүсүн "негизсиз жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишүү" катары баалады.

"Ал эми административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Орусиянын алакасына эч кандай тиешеси жок. Себеби, айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловк шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү", - деп Талиева билдиргенин Жогорку Кеңештин сайты жазды.

Талиева Кыргызстанда орус тилинин расмий макамы бар экенин, ал мыйзамдардан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарга чейин колдонулуп келгенин белгилеген.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-ноябрда жалпы элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө Бишкектеги төрт райондун жана башка жер-суулардын аттарын кыргыз тилиндеги аталыштарга которуу демилгесин көтөргөн.

Ошол эле күнү Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер комитетинин төрагасынын орун басары Светлана Журова "Говорит Москва" радиосуна маек куруп, Шакиевдин демилгеси "Кыргызстанда жашаган орус тилдүү элдин укугун тебелөөгө" жатарын айткан. Журова Грузияда жана Украинада да баары орус тилин кысуудан башталганын эскертип, бул маселеге Орусиянын президентинин да кийлигишүүсү зарылдыгын белгилеген.

Депутат Журованын бул сөзү кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жаратып, "эгемен өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү" катары сыпатталууда. (ZKo/BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG