Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Өзбекстан: ондон ашык адам иске ууланып каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24-ноябрда Өзбекстандын Фергана облусундагы Бувайда районунда үч күн мурда үйлөнгөн жаш жубайлар иске ууланып каза табышты. Бул окуяны Өзбекстандын Башкы прокуратурасы иликтөөгө алып, жубайлар жашаган үйдөгү меш туура эмес коюлганы тууралуу бүтүм чыгарганын "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.

Өзбек Башкы прокуратурасы калкты газ жана көмүр мештерин орнотууда техникалык талаптарды сактоого чакырууда.

10-20-ноябрь күндөрү Өзбекстанда тогуз киши иске ууланып каза болгон. 24-ноябрда өлгөн жубайларды кошкондо он күндө 11 адам истин курмандыгы болду.

Каза болгондор Наманган, Хорезм, Жизак, Бухара аймактарынан жана арасында аялдар, балдар басымдуу.

"Азаттыктын" өзбек кызматы кышында өлкөдө иске уулангандардын саны жүзгө чейин жетерин кабарлады.

2022-жылдын январь, февраль айларында иске ууланган 21 окуя катталып, 36 киши каза болгон, 19 адам жаракат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG