Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Казакстан: инаугурация күнү бийликке каршы чыккандар кармалды


Астана.
Астана.

“Азаттыктын” казак кызматы жергиликтүү басма сөз булактарына таянып, Казакстандын баш калаасында 26-ноябрдын кечинде ондон кем эмес адам кармалганын жазды.

20-ноябрдагы кезексиз шайлоодо кайра президент болуп шайланган Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өткөн бул күнү Астанада интернет, уюлдук жана телефон байланыштары өчүк болду.

Байланыш жыйырма сааттан кийин күйүп, бирок интернет улам өчүп жатканы кабарланууда. Казак социалдык тармактарынын мессенжерлеринен MEGA соода борборунун алдында каршылык акциясына чыккандарды кармап кеткендердин видеосу таркап жатат.

КазТАГ агенттиги кармалгандар “митинг өткөрүүгө аракет кылган” деп жазууда. Бирок митингдин темасы белгиленген эмес.

«Власть» интернет басылмасы чогулгандар шаардын борбордук бөлүгүнө жөө барууга аракет кылганын кабарлады.

Казак басма сөзү кармалгандар ишкер, “Келечектин архитектору” долбоорунун негиздөөчүсү делген Марат Абиевдин тарапташтары экенин жазууда.


Абиев Tengrinews.kz гезитинин 2020-жылы чыккан жарнамалык санында өзүн “TDFA” фондунун негиздөөчүсү деп атап, бул фонд айыл чарба тармагында “трансулуттук” болууга аракеттенип жатканын айтып, фонд дүйнөнү ачарчылыктан сактап калат деген.

Orda.kz сайты Абиевдин Казакстанда буудай өндүрүү жаатында жетишкендиги анчейин эмес экенин жазган.

Абиев быйыл да казак басма сөзүндө кепке алынып, анын жүздөгөн тарапташтары автобус менен Астанага концерт көргөнү келе жаткан жерден полиция артка кайтарганы тууралуу кабарлар чыккан. Шаардын акимчилиги концерт коюуга уруксат берилбесе да Абиев элди алдап чакырганын кабарлаган.

Ошол маалда интернетте массалык башаламандыктын алдын алынганы тууралуу жаңылыктар да чыккан.

Токаевдин тополоңдон кийинки жеңиши
please wait

No media source currently available

0:00 0:38:01 0:00


Интернет провайдерлер Астанадагы окуяга комментарий бере элек.

Казакстандын Ички иштер министрлиги бир топ адамдын кармалышын алар мыйзамсыз акцияга чыкканы менен түшүндүрдү. Мекеменин маалыматына караганда, ишемби күнү "мыйзамсыз жыйынга" 300 чакты киши катышкан, "алар полицияга каршылык көрсөтүшкөн".

Казакстандын мыйзамы боюнча көчөдөгү чогулуштар акимиаттан уруксат алынган жерлерде гана өтүшү керек.

26-ноябрда Казакстанда кайрадан шайланган президент Касым- Жомарт Токаевдин ант берүү аземи өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG