Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Певкур: Орусиянын НАТОго коркунучу азайган жок


Ханно Певкур.
Ханно Певкур.

Эстониянын коргоо министри Ханно Певкур Орусия Украинада тогуз айдан бери согуш жүргүзүп жатканына карабастан аскердик кубаты алсыраган жок деп эсептейт. Мындай пикирин ал Германиядагы иш сапары учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Биз чын жана так болушубуз керек: Орусиянын аскердик деңиз флоту жана аскердик аба күчтөрү согушка чейин кандай кубаттуу болсо, азыр да дээрлик ошондой эле. Орусия жараткан коркунуч же НАТОго карата коркунуч кандайдыр бир деңгээлде азайды деп айтканга негиз жок», - деди ал.

Певкур орусиялык жөө аскерлер сезилерлик жоготууга учураганын, бирок алардын саны 24-февралдагыга чейинки же андан да көп санга жеткирилиши толук ыктымал экенин, Орусия буга чейинки кетирген каталарынан сабак аларын кошумчалады.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салгандан бери аткылоосун токтото элек. Андан бери эки тараптан тең миңдеген аскерлер жана жай тургундар каза болууда. Миллиондогон украин жараны өлкөсүнөн чыгып кетүүгө мажбур болуп, сырт жакта качкын болуп жүрөт.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG