28-ноябрга караган түнү коңшу Кытайда жана Казакстанда жер силкинип, жердин титиреши Ош жана Талас облустарынын аймагында да сезилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 01:58де Кытайдын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Кыргызстандын Ош облусунун Алай районунун Эркеч-Там, Нура айылдарында 4,5 балл, Терек, Кан-Коргон айылдарында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин сезилди.
Саат 02:34тө Казакстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын күчү 3,5 баллга чейин Кыргызстандын Талас облусунун Кара-Буура районунун Кайнар, Көк-Сай айылдарында сезилди.
Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Кыргызстан төрт өлкө менен чектешет – алар Казакстан, Кытай, Тажикстан жанан Өзбекстан. (RK)
Facebook шеринеси