Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

"Ислам мамлекети" террордук тобу лидери өлгөнүн жарыялады


"ИМ" тобунун борбору болуп турган Мосул шаары. Сирия.
"ИМ" тобунун борбору болуп турган Мосул шаары. Сирия.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө террордук деп табылган топ 30-ноябрда өзүнүн лидери Абу Хасан аль-Хашими аль-Курашинин өлгөнүн жарыялады.

Социалдык тармактардагы "ИМ" тобуна таандык аккаунттарда Абу Хасан аль-Хашими согушта набыт болгону жазылган. Анын качан, кайсы жерде өлгөнү тууралуу так маалымат жок.

Reuters агенттиги социалдык тармактардагы билдирүүлөргө таянып, анын ордуна Абу ал-Хусейн аль-Хусейни аль-Кураши аттуу адам топтун башчысы болгонун жазды. Кийинки лидер менен маркумдун тууганчылык байланышы тууралуу маалымат жок. Бул "Ислам мамлекети" террордук тобун жетектеп келген аль-Кураши ысымдуу үчүнчү адам.

Мурдагы экөө – Абу Бакр аль-Багдади менен Абу Ибрагим аль-Хашеми аль-Кураши – АКШ аскерлери жүргүзгөн операцияда набыт болгону кабарланган. Абу Ибрагим аль-Курашинин өлгөнүн быйыл 3-февралда АКШ президенти Жо Байден маалымдаган.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы "ИМ" тобунун лидери Сириянын Дараа провинциясында Башар Асаддын режимине каршы куралган Эркин армия жүргүзгөн операция учурунда өлтүрүлгөнүн маалымдады.

"ИМ" тобу 2010-жылдары Ирактын жана Сириянын басымдуу аймактарын көзөмөлдөп турган. АКШ жана анын союздаштарынын, Ирак, Түркия жана Орусия колдогон Сириянын өкмөттүк армиясынын жана ошондой эле оппозициялык күчтөрдүн аскерлеринин чабуулдарынан талкаланып отуруп, күчүн жоготкон.

Учурда партизандык аракеттерге өткөн. "Ислам мамлекети" террордук тобунун тарапташтары Африкадагы мусулман өлкөлөрүндө согуш чыгарып, кез-кези менен Европада жана башка өлкөлөрдө түрдүү теракттарды уюштуруп келет.

XS
SM
MD
LG