Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев прокуратурага сурак бергенин билдирди. Ал "элден келген арызды айткандан кийин көзөмөл органы суракка чакырганына" нааразы болду.
Токторбаев парламент төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, бул маселени карап коюуну сунуштады.
"Башкы прокурорубуздун Жээнбековдор менен кандай байланышы бар, билбейм. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду айткандан кийин ушундай "сыр-бор" башталды. Сооронбай Жээнбековду да камаш керек. Ал Атамбаев менен табакташ болуп жүргөндө жакшылыгын көрүп, эми жамандыгы болгондо бөлөк турушу керекпи? Камап, жамандыгын да чогуу көрүшү керек", - деди Токторбаев.
30-ноябрдагы жыйында Токторбаев мурдагы парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков менен экс-депутат Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыш иши аягына чыкпай жатканы тууралуу маселе көтөргөн. Тиешелүү күч кызматтарынан булардын кылмыш иши тууралуу маалымат талап кылган.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага күбө катары сурак берип чыгышканын Фейсбукка жазышкан. Анда Атазов үч саат суракта болуп, шайлоочулардан келген кайрылуулар боюнча маалымат бергенин билдирген. Токторбаев болсо 3,5 саат суракта болгонун жазып, кайсы маселе боюнча суралганын тактаган эмес.
Президент Садыр Жапаров былтыр 23-октябрда берген маалымат жыйында Сооронбай Жээнбековдун "экс-президент" макамы сакталарын айткан.