Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

АКШ Конгресси “Вагнерди” террордук уюм катары таанууну сунуштады


“Вагнерди” ээси деп саналган Евгений Пригожин менен Орусиянын президенти Владимир Путин.
“Вагнерди” ээси деп саналган Евгений Пригожин менен Орусиянын президенти Владимир Путин.

АКШнын Конгресси орусиялык “Вагнер” менчик аскердик компаниясын террордук уюм катары таануу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Аны республикачы Роджер Уикер менен демократ Бен Кардин алып чыкты.

Мыйзам авторлору документте “Вагнер” кыйноо, адам өлтүрүү жана жайкын тургундарды кырган учурларга айыпталып жатканын белгилеп, бул толугу менен террордук аракеттерге кирерин айтышты. “Вагнерчилер” анын ичинде Украинанын Буча шаарындагы кыргынга, украин президенти Владимир Зеленскийге кол салууга, Малидеги киши өлтүрүүлөргө, Борбордук Африка Республикасындагы өлтүрүүлөргө жана башка кылмыштарга айыпталды.

“Вагнерди” ээси деп саналган Евгений Пригожин аталган менчик аскердик компаниясы террордук уюмдардын критерийлерине туура келбей турганын билдирди. Анын комментарийин компания жарыялады.

Мунун алдында Европа парламентиндеги бардык фракциялардын депутаттары “Вагнер” менчик аскердик компаниясын террордук уюмдардын тизмесине кошууну сунуштаган.

Украинада Орусиянын армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Соттолуучуларды азгыруу иштерин бул компаниянын негиздөөчү катары таанымал Евгений Пригожин өзү баш болуп жүргүзүп жатканы тартылган видеолор жарыяланган.

"Вагнер" менчик аскердик компаниясы олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар байма-бай чыгып жүрөт.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” - Вагнердин жеке аскердик компаниясы) – компаниясы орусиялык бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар байма-бай чыгып жүрөт. Топтун жоокерлери бир катар аскердик кылмыштарга шектелип келет.

“Вагнер” тобунун негиздөөчүсү жана демөөрчүсү олигарх Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын экенин өзү ырастаган. Соңку мезгилде ал Коргоо министрлигинин жогорку жетекчиликтери Украинадагы согушта утулуп жатканы үчүн коомчулук алдында ачык сындап келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG