Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Кыргызстандыктар Казакстандын Экибастуз шаарына жардам жөнөтө башташты


Экибастуз шаары. 2022-жылдын 28-ноябры.
Экибастуз шаары. 2022-жылдын 28-ноябры.

Кыргызстанда Казакстандын Павлодар облусунун Экибастуз шаарынын тургундарына жардам чогултула башташты. Демилге көтөрүп чыккан экоактивист Исмаил Карыпов алты күндөн бери ызгаардуу суукта адамдар кыйналып жатканын, аларга жылыткыч жөнөтүү керектигин жазган.

Андан кийин ал Казакстандагы тааныштары менен сүйлөшүп, Астанага акчалай жөнөтсө туура болот деген чечимге келгенин, зарыл буюмдарды ошол жактан сатып алып, жөнөтүшөрүн билдирди жана социалдык түйүндөр аркылуу банктык эсептерди жарыялады.

Казакстандын түндүгүндө жайгашкан Экибастуз шаарында 27-ноябрда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) агрегаттын түтүктөрү жарылган. Авариянын айынан 30 градус суукта шаардын 150 миңдик калкы жылуулуксуз калган. Шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, облус башчысы иштен алынды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG