Орусиянын Приморск крайында МиГ-31 кыргын салуучу учагы (истребитель) кулады. Бул тууралуу маалымат агенттиктери тиешелүү мамлекеттик кызматтарга таянуу менен жазды. Маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги ырастады.
Учкучтар кырсыкка кабылганга чейин секирип кетүүгө үлгүргөн деп билдирип жатышат. Министрликтин билдирүүсүндө, учак ок-дарысыз окуу-машыгуучу миссиясын аткарып жүргөнү жана киши жок жерге кулаганы айтылат. Кырсыктын баштапкы себеби техникалык абалынан улам деп айтылды.
Акыркы айларда Орусияда аскердик учактар жана тик учактар катышкан бир нече кырсыктар катталды. Июнь айында Рязанда бир Ил-76, эки Су-25 учактары кулаган. 17-октябрда Краснодар крайындагы Ейск шаарына турак жайга аскердик учак кулап, 15 адам каза тапкан.
23-октябрда Орусиянын Иркутск шаарында Су-30 аскердик учагы эки кабаттуу үйдүн үстүнө кыйрап, эки учкуч мерт болгон. 9-ноябрда Кострома облусунда санитардык милдетти аткарган Ми-2 тик учагы кулап, бир киши каза тапты. (ErN)