Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:14

Кытай нааразылыктардан соң коронавирустук чектөөлөрүн жеңилдетти


Кытайдагы коронавирустук чектөөлөргө каршы нааразылыктар. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытайдагы коронавирустук чектөөлөргө каршы нааразылыктар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдагы соңку нааразылык митингдеринен кийин 2-декабрда өлкөнүн көпчүлүк шаарларында коронавирустук чектөөлөр жумшартылды. COVID-19 вирусуна жапырт тест алуу токтотулуп, мурдараак киргизилген локдаун режимдери жоюлду.

Мунун алдында полиция менен кагылышуулар катталган Гуанчжоу шаарында талаптар жеңилдегени кабарланган эле.

Дүйнөдө коронавирустун тарашы басаңдаганы менен Кытайдын бийлиги вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип келген. Кытайдын бир катар шаарларында 26-27-ноябрь күндөрү буга каршы жапырт акциялар тутанган.

Ушул күндөрү да Кытайдын бир нече шаарларында жана андагы университеттердин кампустарында каршылыктар уланууда. Чоң шаарлардын көчөлөрүн полиция күчөтүлгөн режимде күзөтүп жатат. Басылмалар таратып жаткан видеолордо көчөдөгү бирин-серин адамдар кармалып жатканын көрүүгө болот.

Митингге чыккандар алгач эпидемиялык чараларды жумшартууну талап кылышкан. Кийин алар Кытайдын лидери Си Цзинпиндин кызматтан кетишин талап кылып, башкаруучу Коммунисттик партиянын саясатын сынга алышкан жана өлкөдө демократиялык реформаларга баруу чакырыктарын ташташкан.

Каршылык акциялары Үрүмчү шаарында чыккан өрттөн он адам каза болгондон кийин башталды. Бул шаар үч айдан бери карантинде, анда төрт миллиондой адам жашайт. Катаал чектөөлөрдөн улам шаар тургундары жүз күндөн ашуун убакыттан бери үйүнөн чыга албай келишкен. Эшиктер бекитилгендиктен, өрт чыккан маалда жашоочулар үйүнөн чыга албай калган деп кабарланып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG