Кытайды козгогон Үрүмчүдөгү каргаша
Кытайда COVID-19га байланыштуу катаал карантинге каршы акциялар уланууда. Анда саясий талаптар да жаңырып жатат. Айрым эксперттердин айтымында, бул тоталитаризмге каршы чыккан жаштардын Тянанмен козголоңунан кийинки ири нааразылык болуп калды. Нааразылык толкуну 24-ноябрда Шинжаңдын башкалаасы Үрүмчүдө 10 кишинин өмүрүн алган өрттөн кийин ого бетер күчөдү. Маалыматтарга караганда, карантинден улам катуу бекитилген ал турак-жайдан айрым тургундар сыртка чыга албай калган. Үрүмчүдөгү трагедия ошондой эле аймактагы уйгурлардын жана башка улуттук азчылыктардын абалын эске салды.
Чыгарылыштар
-
Январь 04, 2023
Кооптуу коңшу: казакстандыктар эмнеге кабатыр?
-
Декабрь 30, 2022
2022: Борбор Азиядагы козголгон эл, кооптонгон бийлик
-
Декабрь 16, 2022
Иран: элдик толкундоо эмне менен аяктайт?
-
Ноябрь 24, 2022
Токаевдин тополоңдон кийинки жеңиши
-
Ноябрь 18, 2022
Геосаясат: Эрдоган эмне максатты көздөйт?