Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Беларуста репортажы үчүн журналист аялы менен чогуу соттолду


Дмитрий Лукша жана Полина Половинко.
Дмитрий Лукша жана Полина Половинко.

Минск шаардык соту беларус-поляк чек арасындагы миграциялык кризис тууралуу репортажга байланыштуу журналист Дмитрий Лукшага, анын аялы Полина Половинкого жана оператор Денис Яровскийге өкүм чыгарды.

“Азаттыктын” беларус кызматы кабарлагандай, Лукша төрт жылга, Полавинко 2 жарым жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Яровский 18 айга кесилди.

Алар Беларусту дискредитация кылууга жана “коомдук түзүмдү бузууга багытталган уюшкан ишмердүүлүккө катышуу” беренелери менен айыпталган. Полина Половинкону "көмөк көрсөткөн" деп айыпташкан. Иштин төртүнчү фигуранты Константин Никоноров шарттуу түрдө камалды.

Дмитрий Лукша Казакстандын “Хабар 24” телеканалынын Беларустагы штаттан тышкаркы кабарчысы болуп иштечү. Ал аталган телеканалда былтыр Жакынкы Чыгыштан келген миңдеген мигранттар Евробиримдикке өтүү үчүн Беларус менен Польшанын чек арасында тыгылып турганы жөнүндө репортаж даярдаган.

Европа мамлекеттери авторитардык башкаруучу Александр Лукашенкону кризисти атайылап жаратканы үчүн айыпташкан жана Беларуста саясатчыларга, көз карандысыз медиаларга басымдын күчөгөнүнө байланыштуу ага каршы санкция салышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG