Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Чехия Украинанын консулдугуна "күмөндүү кат" келгенин маалымдады


Украинанын Чехиядагы консулдуктарынын бири. Иллюстрация сүрөт.
Украинанын Чехиядагы консулдуктарынын бири. Иллюстрация сүрөт.

Чехиянын полициясы өлкөнүн экинчи ири шаары Брнодогу Украинанын консулдугуна жардыруучу затка окшош “күмөндүү кат” келгенин маалымдады.

“Кат атайын рентгендин жардамы менен изилденип жатат. Имараттагылар жана ага туташкан үйлөрдө, анын ичинде бала бакча турган адамдардын баары эвакуацияланды”, – деп жазды чех полициясы Твиттердеги баракчасына 2-декабрда.

30-ноябрда Испаниянын борбору Мадридде Украинанын элчилигинде жардырууда бир кызматкер жаракат алган. Элчи Сергей Погорельцев почтадан келген конверт жарылып кеткенин айткан. Окуя катты имараттын коменданты карап жаткан учурда болгон.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Мадридден бул окуяны тыкыр иликтөөнү өтүнгөн. Ал ошондой эле чет жактагы украин элчиликтеринин баарында коопсуздукту күчөтүү тапшырмасын койду.

Испаниялык басылмалардын маалыматына караганда, бир күн мурун ушундай эле шектүү пакетти Сарагосадагы курал-жарак чыгарган Instalaza компаниясы да алган. Компания Украина үчүн да курал даярдайт. Бирок ал баштык жарыла электе жок кылынган.

Бейшембиде Торрехон-де-Ардос авиабазасына шектүү баштык келгени тууралуу да кабар тарады. Бул окуялардын бири-бирине байланышы бар-жогу жана анын артында ким турганы азырынча белгисиз. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG