Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Министрлик “Азаттык Медианын” административдик даттануусун канааттандырган жок


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин административдик даттануусун карап, аны канааттандыруусуз калтырды. 30-ноябрда кабыл алган чечиминде министрлик "маалыматтык мейкиндикти анализдөө жана мониторинг жүргүзүү, терс жана кооптуу делген кырдаал түзүлгөнүн көргөн болсо ошол замат административдик акт түзүү укугу бардыгын" белгилейт.

Ошону менен катар эгер "жалган" деп таанылган маалымат "Азаттыктын" сайтынан алынса же соттун тийиштүү чечими күчүнө кирсе, веб-сайттын ишине кайрадан уруксат берилиши мүмкүн экени, бирок “Азаттык Медиа” кеп болуп жаткан видеоматериалын сайтынан өчүрбөгөндүктөн административдик даттануу канааттандырылбаганы жазылган.

Буга чейин "Азаттык Медиа" министрликке кат жөнөтүп, сайтты бөгөттөө чечимин токтото турууну өтүнгөн. Катта "мындай чечим мыйзамсыз жана негизсиз болгондуктан Баш мыйзамга каршы келери, сөз эркиндигине, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине кепилдик берген конституциялык нормалар бузулуп жатканы" белгиленген.

26-октябрда министрлик “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарбай калган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин белгилеп, ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG