Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Польшада жашырынып жүргөн кыргыз жараны мекенине кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

14 адамды 77 миллион сомго алдап кеткен деп айыпталып жаткан кыргызстандык Польшадан мекенине экстрадиция кылынганын бүгүн 2-декабрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Польшанын Улуттук прокуратурасынын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Башкы прокуратуранын ал адамды өткөрүп берүү тууралуу талабы канааттандырылып, Кыргызстанга жеткирилди.

Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эл аралык издөө жарыяланган шектүү Польшада Румыниянын паспорту менен жашырынып жүргөнү белгиленди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG