Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Салык кызматы "Кылым шамындагы" текшерүү боюнча маалымат берди


Гүлшайыр Абдирасулова, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси
Гүлшайыр Абдирасулова, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси

Мамлекеттик салык кызматы “Кылым шамы” укук коргоо борборун текшерип жатканы тууралуу маалымат берди. 2-декабрдагы мекеменин билдирүүсүндө бул катардагы текшерүү экени, ага саясий өңүт берүүнүн кажети жоктугу, уюмдун кирешеси менен чыгышасына байланыштуу гана документтер каралып жатканы айтылды.

Салык кызматы белгилегендей, “Кылым шамы” коммерциялык эмес уюм болуп катталган, бирок анын декларацияларында "киреше көрсөтүлгөндүктөн" текшерүү жүргүзүүгө негиз жаралган.

“Кылым шамы” Салык кызматынын адаттан тыш текшерүүсүнө кабылып жатканын жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова 1-декабрда билдирген. Ал текшерүүнүн себеби тууралуу сураганда "жогортодон кызматтык тапшырма түшкөнүн" айтышканын, бардык салык мыйзам чегинде төлөнүп келе жатканын маалымдаган.

Бүгүн Салык кызматынын билдирүүсүнөн кийин Абдирасулова аталган мекемеге “Фейсбуктан” кайра кайрылып, текшерүүгө негиз болгон мыйзамдуу себептерди жана кайсы документтер талап кылынып жатканын тизмектеп берүүнү өтүндү.

“Кылым шамы” укук коргоо борбору 2003-жылы негизделген. Уюм укугу бузулган, кордук көргөн жарандарга жардам берип, бийликтин, күч органдарынын, прокуратуранын жана соттордун ишиндеги кемчиликтерди ачык сындайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG