Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Эркиндик бульварында да митинг өткөрүүнү тыйган мөөнөт узартылды


Эркиндик бульвары. 2022-жылдын 14-октябры.
Эркиндик бульвары. 2022-жылдын 14-октябры.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту милициянын аталган район аймагында митинг өткөрүүгө салган тыюусунун мөөнөтүн быйылкы жылдын 31-декабрына чейин узартуу тууралуу чечимин мыйзамдуу деп тапты. Мекеменин басма сөз кызматынан “Азаттык” радиосуна 2-декабрда кабарлашкандай, жыйындарды Эркиндик бульварында да, анын Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкесинде өткөрүүгө да тыюу салынды.

Ошентип, бүгүнкү күндө Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Жогорку Кеңештин, Өкмөт үйүнүн, Жогорку Соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тегерегинде массалык акцияларды уюштурууга уруксат жок.

Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот.

Ала-Тоо аянтында мамлекеттик же муниципалдык иш-чаралар гана өткөрүлө алат.

Райондук милициянын жогоруда аталган жерлерге митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимин 11-мартта райондук сот колдогон. Сентябрда тыюунун мөөнөтү 1-декабрга чейин узартылган.

Темир жол вокзалынын алдынан чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Чүй проспектисине чейин, андан ары Ала-Тоо аянтына чогулган жарандык акциялар Бишкекте 2020-жылдын ноябрынан бери утур-утур өткөрүлүп келчү. Анда бийликти сындаган, сөз эркиндигин жана адам укуктарын колдогон, коррупцияга каршы реалдуу күрөштү талап кылган ураандар айтылчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG