Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Гиннесс китебине кирген манасчы Рысбай Исаков президент менен жолукту


Манасчы Рысбай Исаков жана президент Садыр Жапаров.
Манасчы Рысбай Исаков жана президент Садыр Жапаров.

«Манас» эпосун 124 саат бою тынбай айтканы үчүн Гиннесстин сертификатын алган манасчы Рысбай Исаков бүгүн 1-декабрда президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, чыгармачылыгы жана пландары тууралуу сүйлөшкөнүн мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу да катышты.

«Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу.
«Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу.

Маалыматта айтылгандай, президент манасчыны Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине кириши менен куттуктап, анын өнөрү кыргыз элинин руханий турмушуна, элдик каада-салттарга жана Кыргызстандын жаратман өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы экенин белгиледи. Ал келерки жылы жаңыланган «Манас айылы» этнографиялык комплексинде миң орундуу «Манас» театры ачыларын, комплекс элдин этносунун, анын көп кылымдык тарыхынын, маданиятынын жана каада-салтынын, келечек муундарга тарыхты сактоонун символу болорун айтты.

Рысбай Исаков мамлекет башчыга чыгармачылыктын бул түрүн колдоп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы келечектеги пландары, тактап айтканда, “Манас” театрынын алдында манасчылар мектебин ачуу ниети менен бөлүштү, ал жерден эл ичинен белгилүү манасчылар чыгарын билдирди.

Президент менен жолугушуудан кийин Исаков “Фейсбуктагы” баракчасына “Кудай буюрса 124 саат “Манас” айтты деген сертификат келди. Бүгүн президенттин кабылдоосунда болдук. Эртең Тарых музейине тапшырабыз деп турабыз. Колдоого алган бардык мекендештериме ыраазычылык билдирем” деп жазды.

Түркиянын Бурса шаарында быйыл 21-28-сентябрда өткөн "Манас жумалыгында" Исаков Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине тынбай үн чыгарып окуу багытында катталган.

Жумалык жыйынтыктала электе анын "Манас" айтып жаткан учурунун айрым үзүндүлөрү Интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, талаш пикирлерди жараткан. Айрымдары манасчыны “эпосту бурмалап жатат” деп айыптаса, кээ бирлери аны колдоого алган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG