Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Манасчы Исаковдун Гиннесс сертификаты Улуттук тарых музейине тапшырылды


Сертификатты музейге тапшыруу учуру.
Сертификатты музейге тапшыруу учуру.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаковдун Гиннесстин рекорддор китебине катталгандыгын тастыктаган сертификат бүгүн 2-декабрда Улуттук тарых музейине тапшырылды.

«Манас» эпосун 124 саат бою тынбай айтканы үчүн Гиннесстин сертификатын алган манасчы Рысбай Исаков кечээ президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, чыгармачылыгы жана пландары тууралуу сүйлөшкөн. Мамлекет башчысы манасчыны Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине кириши менен куттуктап, анын өнөрү кыргыз элинин руханий турмушуна, элдик каада-салттарга жана Кыргызстандын жаратман өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы экенин белгилеген. Ал келерки жылы жаңыланган «Манас айылы» этнографиялык комплексинде миң орундуу «Манас» театры ачыларын айткан.

Рысбай Исаков мамлекет башчыга чыгармачылыктын бул түрүн колдоп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы келечектеги пландары, тактап айтканда, “Манас” театрынын алдында манасчылар мектебин ачуу ниети менен бөлүшүп, ал жерден эл ичинен белгилүү манасчылар чыгарын билдирген.

Түркиянын Бурса шаарында быйыл 21-28-сентябрда өткөн "Манас жумалыгында" Исаков Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине тынбай үн чыгарып окуу багытында катталган.

Жумалык жыйынтыктала электе анын "Манас" айтып жаткан учурунун айрым үзүндүлөрү Интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, талаш пикирлерди жараткан. Айрымдары манасчыны “эпосту бурмалап жатат” деп айыптаса, кээ бирлери аны колдоого алган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG