Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Сноуден Орусиянын паспортун алып, ант берди


Эдвард Сноуден.
Эдвард Сноуден.

АКШнын Чалгын кызматынын (ЦРУ) жана Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусиянын паспортун колуна алып, ант берди. Бул тууралуу анын адвокаты Анатолий Кучерена “РИА Новости” маалымат агенттигине билдирген.

Анын айтымында, Сноудендин аялынын да Орусиянын жарандыгын алуу арызы каралып жатат.

26-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Эдвард Сноуденге орус жарандыгын бергени тууралуу буйругу нормативдик актылар порталына жарыяланган. Маалыматты Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ырастаган. Сноуден 2020-жылы ноябрда орус жарандыгын алуу тууралуу арыз жазганын билдирген.

Америкалык атайын кызматтын келишим менен иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылдын июнунун башында Guardian жана Washington Post басылмаларына АКШнын мекемесинин эл аралык чөйрөдөгү тыңшоолору тууралуу жашыруун маалыматтарды жиберген.

АКШ менен Улуу Британиянын купуя маалыматтары интернетке жарыяланып кеткен соң ал оболу АКШдан Гонконгго качып өтүп, андан соң Орусиядан убактылуу башпаанек тапкан. 2020-жылдын октябрынан тартып ал Орусияда чексиз мөөнөттө жашай берүүгө мүмкүнчүлүк берген визага ээ болгон. Сноуден Франциядан да башпаанек сураган.

Ага Кошмо Штаттарда тыңчылык боюнча айып коюлган. Мындай айыптар менен Сноуден АКШда 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сноудендин жашыруун делген малыматтарды ачыкка чыгарышы менен дүйнө жүзүндө жекече купуя сырды сактоо менен мамлекеттик коопсуздукту сактоонун ортосундагы тең салмактуулук жана канчалык деңгээлде мамлекет өз жарандарын тымызын көзөмөлгө алышы керектиги тууралуу кызуу талаш-тартыш жүргөн.

Сноуденди колдогондор аны айкындуулук үчүн күрөшкер деп санашып, ал түгүл Махатма Гандиге теңегенге чейин барышса, жектегендер болсо аны "чыккынчы" деп айыптап келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG