Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

NYT: Орусия батыштын санкцияларына карабай ракета чыгарууну улантууда


Киевде атып түшүрүлгөн орус ракетасынын калдыгы. 5-декабрь.
Киевде атып түшүрүлгөн орус ракетасынын калдыгы. 5-декабрь.

Орусия Украинаны аткылоодо колдонгон канаттуу ракеталардын айрымдары Батыштын санкциялары киргизилгенден бир нече ай өткөндөн кийин жасалган. Бул тууралуу америкалык The New York Times гезити Conflict Armament Research уюмунун британ аналитиктерине таянуу менен билдирди.

Эксперттер 23-ноябрдагы аткылоодон кийин табылган Х-101 канаттуу ракеталарынын сыныктарын изилдеп чыгышты. Бул кол салуу Украинада ири өлчөмдөгү электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келди. Курал-жарактардагы белгилерге таянып, талдоочулар ракеталардын бири ушул жайда, экинчиси күздө жасалган деген тыянакка келишкен.

Эксперттердин айтымында, Батыштын Москваны ракета жасоодогу керектүү компоненттерден ажыратууга каратылган санкцияларына карабастан, Орусия аны чыгарууну улантууда. Бул - Москва жабдууларды алуунун жолдорун тапты дегенди билдирет, же согушка чейин тетиктердин чоң запасы болгон, - деп жазды The New York Times.

Буга чейин Киевде изилдөө жасаган талдоочулар орустардын алдыңкы аскердик техникасынын дээрлик бардыгы батыштын жарым өткөргүчтөрү менен жасалганын аныкташкан.

Августтун башында Британиянын Падышалык бириккен коргонуу изилдөө институтунун (RUSI) кызматкерлери жана өнөктөштөрү Орусия Украинага каршы колдонгон куралдарда чет элдик микрочиптер басымдуу экенин аныкташкан.

Согуш башталгандан кийин АКШ тетиктерди Орусияга экспорттоого уруксат алуу эрежелерин катаалдаткан.

2-декабрда Орусиянын Коргоо министрлиги Казакстандагы Москва ижарага алган Сарышаган полигонунда ракетадан коргонуунун жаңы системасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялаган.

Батыштык эксперттер Орусия жабдыктарды кошуна өлкөлөр аркылуу, анын ичинде аскердик максатта да сатып алышы мүмкүн деген кооптонуусун билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG