Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 614 адамдын өмүрү кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 6532 жол кырсыгы катталып, 614 адамдын өмүрү кыйылганын 7-декабрда Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, былтыркы жылдын январь-ноябрь айларында 818 адамдын өмүрүн алган 6891 жол кырсыгы болгон.

Милиция жол кырсыгы азайганына “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видео көзөмөл иштеп жатканы себеп болгонун белгилеп, камера орнотулган жерлерде жол кырсыктарынын саны ага чейинкиге караганда 50-100% азайган учурлар да бар экенин маалымдоодо.

Соңку он жылда Кыргызстанда 68 миңге жакын жол-транспорт кырсыгы катталганы, натыйжада 10 миңдей адам каза болгону, авариянын 80% айдоочулар күнөөлүү экени, анын ичинде машинени мас болуп алып айдагандар 7% түзөрү быйыл июль айында мас айдоочулардын жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште талкууланып жатканда айтылган.(RK)

XS
SM
MD
LG